Сүрөткө түшүп жатып каза болгон туристтин акыркы секунддары видеого түшүп калган
Орусиянын Уфа шаарынын 34 жаштагы тургуну Тимур Башкырстандын Белорецкий районундагы Айгир таштарынан сүрөткө түшүп жатып кулап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, ал достору менен эс алууга барган. Турист чокуда сүрөткө түшкөндөн кийин аскадан түшө баштаган, бирок мүдүрүлүп, бийиктен курч таштарга кулап түшкөн. Ал жеринде каза болгон.
Маркумдун тааныштарынын айтымында, ал активдүү жашоо образын карманып, футболго, ок атууга жана саякаттоого жакын болгон.
Тергөө комитети трагедия боюнча иликтөө иштерин баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.