Бишкекте пара берүүгө шектүү блогер кармалды
Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара сунуштаган деген шек менен блогер кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы бүгүн, 8-июлда маалымдады.
Билдирүүгө караганда, 22-июнда милицияга Б.А., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу "Абай" аттуу жаран жабырлануучунун уюлдук телефонуна чалып, Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан "Даамдуу" тамактануу жайына журналисттик иликтөө жүргүзүп, бир катар санитардык нормаларды бузуу фактыларын аныктаганын билдирген. Ошону менен бирге мыйзам бузууларды коомчулукка жарыялабоо үчүн аны коркутуп, 100 миң сом берүүнү талап кылган.
25 жаштагы шектүү К.А., Бишкек шаарынын Тергөө кызматына жеткирилген. Бирок ал маселени материалдык ыраазычылык менен чечүүнү сунуштап, 100 000 сом берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-берене (Пара берүү), 208-беренелерине (Опуза талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
08.07.2025
