Израилдин өкмөт башчысы Трампты "Нобель" сыйлыгына көрсөттү (видео)
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трампты "Нобелдин" тынчтык сыйлыгына көрсөтүп жатканын айтып, ага талапкер болуу катынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Нетаньяху кечээ, 7-июлда Вашингтондогу Ак үйдө Трамп менен болгон тамактануу учурунда билдирди.
"Урматтуу президент, мен сизге Нобель сыйлыгынын комитетине жиберген катымды тапшыргым келет. Алар сизди татыктуу тынчтык сыйлыгына көрсөтүп жатышат. Сиз аны алышыңыз керек",- деген ал.
Нетаньяху ошондой эле Трамптын жетекчилиги астында Израил бүт Жакынкы Чыгыш менен тынчтыкка жетише аларына ишенерин белгилеген. Трамп журналисттерге сүйлөп жатып, анын "Нобелдин" тынчтык сыйлыгына көрсөтүлүшү ал үчүн жаңылык болгонун айткан.
Буга чейин АКШнын Республикачыл партиясынан чыккан Бадди Картердин президент Трампты "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөтүү тууралуу Нобель комитетине расмий кат жөнөткөнү айтылган. Анда сыйлыкка Трамп Израил менен Ирандын ортосундагы согушту токтотууга кошкон салымы үчүн көрсөтүлүп жатканы белгиленген.
21-июнда Пакистандын өкмөтү дагы Дональд Трампты "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөттү. Алар бул кадамды Трамптын Пакистандын жана Индиянын ортосундагы аскердик жаңжалга чечкиндүү дипломатиялык кийлигишүүсүн таануу катары түшүндүрүштү. Бирок Индиянын премьер-министри Нарендра Моди тараптар аскердик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр аркылуу келишимге жеткенин билдирген.
08.07.25.

