super.kg logo

Тайванда катуу тайфун болуп, 630 адам жабыркады

 

Кечээ, 7-июлда "Данас" тайфуну Тайвандын түштүгүнө сокку берип, шамалдын ылдамдыгы саатына 220 чакырымга чейин жетти жана катуу жамгыр жаады. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, кеминде эки адам каза болуп, 630 адам жаракат алды.

Табигый кырсыктын негизги соккусу калк жыш жайгашкан батыш жээкке тийген. Тайфундан улам дүкөндөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер убактылуу жабылды. Өкмөттүн маалыматы боюнча, тайфун 650 электр мамысын жана үч чоң электр мунарасын кулатты. 710 миңден ашык үй жарыксыз калды, 300дөн ашык ички жана эл аралык каттамдар жокко чыгарылды.

Тайвандын Борбордук метеорология башкармалыгы "Данас" тайфунуна экинчи деңгээлдеги коркунуч даражасын ыйгарды. Учурда анын күчү бир топ азайып, жума аягына чейин Кытайдын чыгыш жээгине жетиши мүмкүн деп божомолдонууда.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрында Тайвандын түштүгүндө "Картон" тайфуну катталып, эки адам каза болуп, дагы 667 киши жабыркаган. Эң чоң зыян Гаосюн шаарында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: