Азия чемпиондугу (U-15): Кыргызстандык балбандар 5 медаль жеңип алышты







Кечээ, 7-июлда 15 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпиондугунун (U-15) үчүнчү күнүндө эркин күрөш боюнча мелдештер өттү. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы: 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло утуп, жалпысынан 5 медаль жеңип алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 48 килограмм салмакта Марсел Ооганов Азия чемпиону аталып, финалда япониялык Айсен Гарендагини утуп алды.
Күмүш медалдын ээлери:
38 килограмм салмакта – Умар Баатырбеков;
44 килограмм салмакта – Адилет Муканбетов.
Коло медалга ээ болгондор:
57 килограмм салмакта – Билал Долоталиев;
62 килограмм салмакта – Абреил Аманов.
U-15 курама командасынын башкы машыктыруучусу Нарынбек Дүрбөлөң уулу.
Командалык эсеп:
1-орун – Индия (203 упай);
2-орун – Япония (166 упай);
3-орун – Өзбекстан (161 упай);
4-орун – Кыргызстан (141 упай).
