Bloomberg: Кытай Орусиянын учкучсуз учактарын өндүрүүдө негизги ролду ойнойт
Кытайлык компаниялар Орусияны Украинага каршы колдонулган чабуулчу учкучсуз учактарды өндүрүү үчүн тетиктер менен камсыз кылууда негизги ролду ойношот. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Bloomberg тарабынан каралып чыккан документтер Украинага каршы колдонулган чабуулчу учкучсуз учактарды өндүрүү үчүн компоненттерди Орусияны камсыздоодо кытайлык өндүрүүчүлөр негизги ролду ойнорун көрсөтүп турат. Украинанын атайын кызматтынын 2023-жылдагы отчётунда орусиялык учкучсуз учактардагы чет элдик компоненттердин 92 пайызы кытайдан келгени айтылат. Буга электроника, камералар, кыймылдаткычтар, антенналар жана навигация модулдары сыяктуу бөлүктөр кирет.
Компоненттер түздөн-түз жана ортомчулар, анын ичинде Гонконг, Түркия жана БАЭ компаниялары аркылуу жеткирилет. Кытайлык жеткирүүчүлөрдүн арасында ири өндүрүшчүлөр бар. Алардын айрымдары айыл чарба жабдууларын жамынып, бирок иш жүзүндө Орусияга учкучсуз учактардын тетиктерин жеткиришет.
Басылма кытай компоненттери бар дрондор Орусиянын ишканаларында, анын ичинде Татарстан жана Ижевск шаарларындагы объекттерде чыгарыларын белгилейт.
Жеткирүү боюнча маалыматтар кулап түшкөн дрондордун, логистикалык документтердин анализинин негизинде чогултулган. Докладда Кытайдын конкреттүү компаниялары жана жеткирүүлөрдүн көлөмү, анын ичинде миллиондогон долларлык келишимдер айтылат.
Бул маалыматтардын фонунда АКШ жана анын союздаштары экспорттук көзөмөлдү күчөтүүнү карап жатышат. Бирок үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтүүчү каттамдар санкция саясатында алсыз бойдон калууда. Кытай расмий түрдө Орусияга аскердик жардам көрсөтүүнү четке кагып келет.

