Кыргызстандык окуучулар Эл аралык илимий физика олимпиадасынан байгелүү кайтышты
29-июндан 8-июлга чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында III эл аралык илимий физика олимпиадасы (ISPhO-2025) өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага 23 мамлекеттен 105 окуучу катышты. Жыйынтыгында беш окуучудан турган Кыргызстандын курамасы үч коло медаль жана эки Ардак грамота жеңип алды.
Окуучуларыбыздын жыйынтыктары:
Эмилбеков Айтегин - коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу
Салиев Темирхан - коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу
Устаттары: Алмурза уулу Алтынбек, Өмүрканов Тургунбек
Бектур Баратали - коло медаль, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу
Устаты: Сатыбалдиев Дүйшөн
Анаралы уулу Эмир - Ардак грамота, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу
Абдиев Аскар - Ардак грамота, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу
Устаттары: Чынтемир Сабыров, Улукбек Ажыбаев
Олимпиаданын соңунда өлкөлөрдүн курамалары эл аралык физика олимпиадасына (IPhO-2025) даярдануу үчүн окуу-машыгууларга чакырылды. Иш-чара 8–15-июлда Москва физика-техникалык институтунун базасында уюштурулат.

