super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жандандырылды 

 

Бүгүн, 8-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон видеобайланыш аркылуу Ош облусундагы "Карамык" жана "Бордөбө" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышышты. Иш-чара Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлгөнүн президенттик адимистрациядан кабарлады.

Эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин жетекчилери өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти. Баяндаманы уккандан кийин Жапаров көзөмөл өткөрүү жайларынын ишин баштоо боюнча буйрук берди. Андан соң Кыргыз тарапта шлагбаумдар көтөрүлдү.

Андан кийин Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандандыруу боюнча буйрук кылып, шлагбаумдар көтөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: