Казакстанда жер титирөө катталды
Бүгүн, 8-июлда Казакстандын түштүгүндө жер титирөө катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Европа-Жер Ортолук деңизи сейсмология борборунун маалыматына ылайык, Жамбыл облусунда 4,6 баллга жеткен жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 15:29да болгон. Жер титирөөнүн эпицентри Тараз шаарынан 126 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титирөөнүн күчү айрым аймактарда 6 баллга жеткен.
- 
Кулан айылы – 6 балл
 - 
Мерке айылы – 5 балл
 - 
Шу шаары – 3 балл
 - 
Сарыкемер айылы – 3 балл
 - 
Төле Би айылы – 3 балл
 - 
Тараз шаары – 3 балл
 - 
Аса айылы – 2 балл
 - 
Мойынкум айылы – 2 балл
 - 
Кордай айылы – 2 балл
 - 
Бауыржан Момышулы айылы – 2 балл
 - 
Каратай шаары – 2 балл
 - 
Турар Рыскулов айылы – 2 балл
 
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгилегендей, жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалыматтар түшө элек.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














