super.kg logo

Түп районундагы бир нече айылда сел жүрдү (видео)

 
Бүгүн, 8-июлда саат 13:10 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жерине айыл өкмөттөн 2 экскаватор, 1 хово, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда. Ал эми Күрмөнтү айылына 3 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган. Ошондой эле Ак-Булуң айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү бир үйдүн короо жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, 1 жүктөгүч иш алып барууда.
"Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда. Түп районунда абал туруктуу. Майда жамгыр себелеп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.





08.07.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: