super.kg logo

Франциянын президенти Европа Украинаны эч качан таштабай турганын айтты

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага жардам көрсөтүү үчүн Париж менен Лондон түзгөн "каалоочулар коалициясы" Европа Киевди таштабай турганынын белгиси экенин билдирди.

"Бул коалиция европалыктардын Украинаны эч качан таштабай турганынын белгиси болуп калды",- деди ал британ парламентинде сүйлөп жатып.

Анын айтымында, Франция менен Улуу Британия ок атышууну токтотууга, андан соң туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого умтулушат.

Айта кетсек, Франция лидери учурда Улуу Британияда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Буга чейин айтылгандай, Макрон менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер эртең, 10-июлда Лондондун жанындагы Нортвуд аскер базасында "каалоочулар коалициясынын" жыйынын өткөрүшөт. Ага Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони видеобайланыш аркылуу катышары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: