218 миң сомго чейин... Быйыл ЖОЖдордо окуу акысы канча? Тизме
Жакынкы күндөрү Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу башталат.
Көпчүлүк ЖОЖдор кабыл алууну жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгына жараша жүргүзөт. Бирок ЖРТнин жыйынтыгын талап кылбаган окуу жайлар да бар. Алсак, чыгармачылык жана спорттук багыттагы университеттерде өзүнүн сынактарын өткөрүшөт. Ал эми БААУ (АУЦА), Борбор Азия университети (УЦА), “Ала-Тоо” Эл аралык университети сыяктуу окуу жайлар өз алдынча сынактардын негизинде кабыл алып, жеңилдиктерди да беришет.
"Алтын сертификат" ээси болгон абитуриенттер каалаган ЖОЖго сынактан тышкары толук грант менен тапшыра алышат.
2020-жылдан бери ЖОЖдорго тапшыруу процесси “Абитуриент Онлайн” платформасы аркылуу онлайн жүргүзүлүп келет. Абитуриенттерге окуу жайга баруунун кереги жок, жөн гана документтерин онлайн тиркешет.
Быйыл педагогикалык адистиктер боюнча бюджеттик негизде окуу каралган эмес. Ошондой эле бул адистиктерге тапшыруу үчүн ЖРТнын босого упайы130дан башталат. Мындан тышкары, педагогикалык багыттар боюнча ваучер берилет.
Төмөндө жогорку окуу жайларынын быйылкы окуу акысы тууралуу маалымат беребиз.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Бул окуу жайында эң жогорку окуу акысы 91 миң сомду түзөт. Кыргыз-Eвропа факультетинин Бизнести башкаруу бөлүмү англис тилин окутуу менен университеттеги эң жогорку контракттык баага ээ. Ал эми аталган окуу жайдын Нарын шаарындагы Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинде окуу акысы минималдуу. Анда контракт 36 миң сомду түзөт.

Эң төмөнкү окуу акысы Дин таануу институтундагы Дин таануу жана Теология жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Филологиялык билим берүү (Манас таануу) адистигинде. Бул багытта контракттык төлөм 40 миң сом экени көрсөтүлгөн.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Бул жогорку окуу жайында контракттын эң жогорку суммасы Архитектура жана дизайн институтунда көрсөтүлгөн. Жалпысынан бул институтта контракт 81-120 миң сомду түзөт. Эң жогорку окуу акысы Архитектуралык жаңылоо багыты боюнча 120 миң сом экени белгиленген. Ал эми эң төмөнкү контракттык төлөм аталган окуу жайдын Кара-Көл шаарындагы филиалында көрсөтүлгөн. Анда сырттан окуу боюнча Гидротехникалык курулуш-Экспертиза жана мүлктү башкаруу жана Транспорттук процесстердин технологиясы багыттарында контракт 27 840 сомду түзөт.
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
Бул окуу жайда эң жогорку контракттык төлөм "Лингвистика" боюнча Маданияттар аралык коммуникациянын теориясы жана практикасы. Корей тили жана маданияты (корей тили) багытында 72 000 сом экени көрсөтүлгөн. Ал эми минималдуу окуу акысы Жаратылыш-таануу билим берүүсү, Мейманкана иши, Экология жана менеджмент факультетинде 42 350 сомду түзөт. Ушундай эле баа Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда да көрсөтүлгөн. Жалпысынан бул университетте контракт 50-70 миң сомго чейин.
К.И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети
Аталган окуу жайда эң жогорку окуу акысы катары 70 миң сом Юриспруденция (Жер жана агрардык укук) багыты боюнча экени айтылган. Калган багыттарда 55 миң сомдон 60 миң сомго чейин көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул окуу жайга жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упайдан ашкан абитуриенттер тапшыра алышат.
Эл аралык университети (Батыш кампусу)
Эл аралык окуу жайында эң жогорку контракттык төлөм 218 миң сомду түзөт. Мындай жогорку окуу акысы кош дипломдуу программа боюнча Бизнести башкаруу (Эл аралык бизнес), Программалык инженерия (Киберкоопсуздук), Экономика (Дүйнөлүк экономика) адистиктеринде көрсөтүлгөн. Ал эми эң минималдуу контракт сырттан окуу багыттарында 60 миң сом. Жалпысынан бул окуу жайында окуу акысы орточо 120 миңден 140 миңге чейин көрсөтүлгөн.

Акы төлөнүүчү негизинде күндүзгү билим берүү факультетинде Юриспруденция адистиги боюнча контракттык төлөм 46 миң сомду түзөт. Ал эми Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча билим алуу акысыз. Жалпы бюджеттик негизде 150 орун каралган.

кошулду

