super.kg logo
  Саясат  

АКШга визалардын мөөнөтү кыскарды. ТИМ маселе боюнча үн катты

 

АКШ Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда тышкы иштер министри билдирди.

Буга чейин айтылгандай, кыргыз жарандарына мурда B-1 жана B-2 визасы 10 жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми 3 айга гана белгиленүүдө. Мындан тышкары ал визалар менен АКШга бир гана жолу кирүүгө уруксат.

"Бул чаралар америкалык тараптан бир жактуу негизде жана кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен кабыл алынган. Бул жагдай Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат",- деп билдирди министрлик.

Кошумчалангандай, министрдин орун басары Алмаз Имангазиевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу болот. Анда чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген себептер, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: