Пеле футболго кошкон салымы үчүн “Алтын топко” ээ болду

Кечээ, 13-январда орун алган ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле футболго кошкон эбегейсиз салымы үчүн “Алтын топ” менен сыйланды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Пелеге сыйлыкты анын атактуу футболчу жердештери Роналдо, Неймар жана топ-модель Адриана Лима тапшырды.
Эске салсак, Пеле буга чейин ФИФАнын версиясы боюнча өткөн кылымдын “Мыкты футболчусу” болуп табылган. Андан тышкары, Эл аралык Олимпиада комитети аны "20-кылымдын мыкты спортчусу” деп тапкан.
Пеле профессионалдык карьерасында 1363 оюн өткөрүп, 1289 гол киргизген. Анын ичинде Бразилия курама командасынын курамында 92 оюнга чыгып, 77 ирет айырмаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
expert.007

14.01.2014. 18:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роналду алыш керек эле го
nurel50

14.01.2014. 18:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
expert.007, ат десе тоо дейко
neymar.kg

14.01.2014. 23:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хха ха ха
Модератор admin_superstan түзөттү 15.01.2014 11:15
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.