Эс алуучулар, куткаруучулар, күзөтчүлөр... Ысык-Көлдө массалык мушташ орун алды (видео)







Чок-Тал айылында жайгашкан "Пальм Бич" эс алуу жайынын көл жээгинде жарандардын ортосунда мушташ болгон. Маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан тастыктады.
Облустук милиция окуя кечээ, 13-июлда болгонун, факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүргөнүн белгиледи.
Териштирүүнүн жүрүшүндө ошол күнү болжол менен саат 18:30 чамасында пирс аймагында эс алуучулар менен куткаруучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралгандыгы аныкталган. Куткаруучу коомдук тартипти сактоо максатында эс алуучуларга эскертүү берген. Бирок эс алуучулардын бири куткаруучуну ур-тепкиге алган. Натыйжада окуяга эс алуучулар, куткаруучулар жана эс алуу жайынын күзөтчүлөрү аралашкан.
Мушташка катышкан деген шек менен Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну, Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы эки жана 29 жаштагы бир тургуну, 26 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу жана 26 жаштагы Сузак районунун тургундары кармалышып, Ысык-Көл РИИБине жеткирилишкен.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Буга чейин социалдык тармактарда мушташып жаткан жарандардын видеосу тараган болчу.
14.07.25.

