super.kg logo

Нурлан Мотуев өлкөдөн чыгып кетерин айтты (видео)

 

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, өлкөдөн чыгып кетерин айтты.

Ал азырынча бара турган чет өлкөнү аныктай электигин белгиледи. Мотуев Кыргызстандан кетүү ниетин ага карата милиция кызматкери тарабынан болуп жаткан куугунтуктоо менен түшүндүрүп берди.

"Алар мага түшүндүрүү иштерин жүргүзгүдөй мен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү белем. Мурда да мени айып пул төлөтүшкөн. Эми кайра келиптир. Ошондо бир эле милиция кызматкери аркамдан түшүп алабы? Демократиялуу өлкө экенибиз кайсыл? Мен милициясы келип жөнөкөй жаранына тийишпей турган, куугунтуктабай турган демократиялуу өлкөдө жашагым келет",- деди ал.

Мотуев ошондой эле камалып чыгышы боюнча түшүндүрмө да берди.

Эске салсак, ал 9-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен 5 суткага камакка алынган. Свердлов райондук милициясы Мотуев социалдык тармактагы видеолорунун бирине байланыштуу түшүндүрмө берүү үчүн милиция бөлүмүнө алынып келингенин, бирок ал милиция кызматкерлерине карата агрессивдүү мамиле кылып, жүрүм-турум нормаларын бузуп, сөгүнгөнүн билдирген.






14.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: