ИИМ: Милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө аяктады
Ички иштер министрлиги Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө аяктаганын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Октябрь аскер комиссариатынын тосмосун катуу ылдамдыкта келип сүзүп алган жол тандабастын айдоочу Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары Замир Эргешов экендигин жергиликтүү басылмалар жазышкан эле. Буга ИИМ үн катып, ички иликтөө башталганын билдирген.
Укук коргоо органы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө окуяда көрсөтүлгөн транспорт кызматтык унаа эмес экендиги аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- Свердлов РИИБинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Замир Эргешов ээлеген кызматынан бошотулсун;
- тергөө боюнча башчынын орун басары Адилет Абрахмановго карата “кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” түрүндөгү тартиптик жаза колдонулсун. Анткени, ал кырсык болгон учурда ал негизги жетекчинин кыска мөөнөттүү өргүүсүнө байланыштуу РИИБинин башчысынын милдетин аткарып жаткан;
- Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Мыктыбек Болушевге карата мурда колдонулган тартиптик жазасы - “кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” менен чектелсин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.