super.kg logo

Испанияда баасы бир бөлмөлүү батирге тете сыр сатылды

 

Испанияда сыр боюнча дүйнөлүк жаңы рекорд коюлду. UPI агенттигинин маалыматына караганда, аукциондо Cabrales аттуу сыр 42 миң долларга сатылып, тарыхтагы эң кымбат сыр деп табылды.

Cabrales — Астурия регионунда өндүрүлгөн белгилүү көгүш сыр. Аукциондо сатылган 2,27 килограммдык бул деликатес Анхель Диас Эрреронун сыр жасоочу жайында жасалган. Ал үчүн уй сүтү колдонулуп, бышыруу процесси 10 айга созулган. Сыр Астуриядагы деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктиктеги Лос-Масос тоо үңкүрүндө бышырылган.

Аукционго чейин сыр DOP Cabrales сынагында «Мыкты сыр» номинациясын жеңип, ага болгон кызыгууну дагы да арттырган.

Аукциондун жеңүүчүсү Испаниядагы белгилүү El Llagar de Colloto рестораны болду. Алардын айтымында, бул уникалдуу сыр жакын арада алардын менюсунда пайда болот жана меймандар бул деликатестин даамын тата алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: