super.kg logo

Кубоктун түп нускасы Трампта калып, "Челси" үйүнө көчүрмөсү менен кайтканбы? (видео)

 

АКШнын президенти Дональд Трамп футбол боюнча клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун кубогу тууралуу эмне деди? Ал DAZN телеканалына берген маегинде кубок Ак үйдүн Сүйрү кабинетинде экенин билдирди.

Ак үйдүн башчысынын айтымында, ФИФАнын өкүлдөрү кубокту убактылуу сактап турууну андан суранышкан. Бирок кийин уюмдун жетекчиси Жанни Инфантино турнирге жаңысын жасоону убада кылып, аны президентке калтырарын айткан.

"Биз кубокту Сүйрү кабинетине койдук. Мен аны качан алып кетишет деп сурадым. Инфантино: "Ал сеники, биз дагы жасайбыз" деди. Ушундай болду. Эми менде трофей бар",- деген Трамп.

Ошондой эле Трамп ФИФАнын клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун алтын медалын да алганы айтылууда. Интернет желесине тараган видеодон анын алтын байгени чөнтөгүнө салганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 13-июлда клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалында англиялык "Челси" франциялык ПСЖны 3:0 эсебинде жеңип алган. Командалардын бетешин Дональд Трамп да көрүп, сыйлоо аземине катышкан.






16.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: