Ирандын жогорку лидери Путинге нааразы
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жакында Москвага болгон сапарында Орусиянын президенти Владимир Путинге Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин атынан нааразычылык катын тапшырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ирандык Farhikhtegan гезитине таянуу менен жазып чыгышты.
Катында Хаменеи Израил менен Ирандын ортосундагы 12 күндүк согушта Москва Тегерандын үмүтүн актай албаганы баса белгилеген. Иран Орусиядан Израилдин аракеттерине карата катаал жана чечкиндүү позицияны күткөн.
Жаңжалдын башында Москва чындап эле Израилди оккупант катары айыптаган. Бирок Орусиянын кийинки позициясы Тегеран күткөндөй катаал жана ырааттуу болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.