MEGAдан «Бардык кинотеатрлар + ТВ» — контенттин баары бир топтомдо
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өз абоненттерине санариптик контенттин жана телекөрсөтүүнүн негизги платформаларын бирдиктүү чечимге бириктирген «Бардык кинотеатрлар+ТВ» комплекстүү кызматын сунуштайт.
Колдонуучулар кеңири белгилүү болгон беш онлайн кинотеатрды көрө алышат. Алар: Этномедиа, Start, Wink, Megogo жана RizaNova. Топтомдо жогорку сапаттагы 200дөн ашык телеканалды камтыган MegaTV_Premium да бар.
Кызматтын негизги артыкчылыктарынын бири – контентти бир эле учурда ар кандай түзмөктөрдөн: смартфондон, планшеттен, компьютерден же сыналгыдан көрүү мүмкүнчүлүгү. Бул үй-бүлөлүк колдонуу үчүн ыңгайлуу жана үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү ар кандай сервистердин ортосунда которулбастан, өз каалоосуна жараша контент тандай алат.
Кызматка MegaTV колдонмосу (App Store жана Google Play’ден жүктөп алууга болот) же www.megatv.kg веб-порталы аркылуу кирүүгө болот.
Жазылуу баасы салыктарды кошкондо күнүнө 20 сом. Кошуу үчүн, *725*1# буйруусун териңиз. Жаңы колдонуучуларга 7 күндүк акысыз сыноо мөөнөтү берилет.
«Бардык кинотеатрлар+ТВ» кызматы ыңгайлуулукту, кызыктуу контентти каалаган убакта, бардык жерде колдонууну баалагандар үчүн мыкты чечим болуп кала бермекчи.
MEGA ─ мыктыны тандоо!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
