super.kg logo

"Чоң кызматка коюп алыптырсыз". Ташиев Бишкектин мэрин тилдеп, анын кадрын камакка алдырды (видео)

 

Бүгүн, 16-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектин Пригородный айыл өкмөтүндөгү паркты көрүп чыгып, сейил бакты салууда коррупциялык иштер орун алганын айтты.

Атайын кызматтын башчысы парк салынып жаткан учурда Бакыт Шеримбеков айыл өкмөттүн башчысы болуп турганын, азыр ал мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору экенин белгилеп, коррупциялык ишке барган адамды кызматка дайындаганы үчүн калаа башчысы Айбек Жунушалиевди тилдеди.

"Үч жолу тендер өткөрүп, акчасын өзүнө ыйгарып алган. Курулушчулар "биз акчаны алган жокпуз" деп көрсөтмө беришти. Азыр болсо парктын акыбалы бул. А сиз болсо бул кишини алып келип, чоң кызматка коюп алыптырсыз. Демек, кадр тандоодо сиздин тажрыйбаңыз жок. Мындай адамдар камалышы керек. Парк боюнча эки кылмыш иши козголуп, бардыгы аныкталды",- деди ал.

Жунушалиев анын мындай ишке барганы тууралуу кабары болбогонун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: