super.kg logo

УКМК Новопавловкада бир нече кызмат адамдарын кармады

 

Бишкектин Новопавловка айыл өкмөтүндөгү сейил бактын сапатсыз курулуш маселеси боюнча 3 жооптуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда айтылгандай, былтыр июлда Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүндөгү сейил бакты жакшыртуу боюнча 29 миллион сомдон ашык суммага тендер өткөрүлгөнү, подрядчы "Орбитал Строй" ЖЧКсы экендиги аныкталган.

"Анда жалпысынан 31 миллион 910 миң 840 сом жакшыртууга жумшалган. Бирок иш жүзүндө жакшыртуу иштери аткарылган эмес.

Ленин райондук администрациясынын жетекчилери тарабынан тийиштүү көзөмөл болбогондуктан, подрядчы ишти начар аткарган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 5 миллион 200 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Атап айтканда, "Зеленхоз" мамлекеттик ишканасы эс алуу жайын баланска кабыл алган эмес. Анткени тыюу салынганына карабастан сугат системи ичүүчү сууга кошулган. Бирок "Зеленхоз" отургузулган өсүмдүктөрдү сактоо максатында сугарууну камсыз кылуусу керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес",- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Жооптуу адамдардын жоопкерчиликсиз мамилесинин натыйжасында сейил бак каралбай, 31 миллион 910 миң 840 сом ысырап болгон.

Мындан улам "Новопавловка" МАБнын жетекчисинин орун басары Р. Э. А., "Орбитал-Строй" ЖЧКсынын директору Д.Ж.Д. (подрядчы), Ленин райондук администрациясынын техкөзөмөлү С.Г.С. кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: