super.kg logo

Ташиев Бишкектин вице-мэрин карматты. Себеби? (видео)

 

Бүгүн, 16-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин Туңгуч кичи районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Анда атайын кызматтын башчысына кичи райондун жашоочулары Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы жерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келе жатканын айтып даттанышты. Тургундардын айтымында, ал жерге сквер курулушу керек болчу.

Ырсалиев аталган жер муниципалиетке караштуу экенин белгилеп, 2008-жылдан бери шахмат борборун, китепкана куруп көргөнүн, бирок адамдар тарабынан талкаланып калганын айтты. Ташиев ачууланып, Ырсалиевге бардык маалыматтар бар экенин билдирди.

"Сиз бул жерди 6 жылдан бери пайдаланып келе жатканыңызды эл билет. Мени же Бишкек мэрин алдап коюшуңуз мүмкүн. Бирок элди алдай албайсыз да? Мына, ак көз, кара көздөр турат го. Бул жерди 6 жыл колдонот экенсиз, бирок бир дагы ижара акысын төлөбөптүрсүз. Жасап койсоңуз да ижара төлөш керек эле. Менчик жериңиз эмес, муниципалдык жер. Өзүңүз вице-мэрсиз. Ижара акысын төлөбөгөндөрдү төлөтө турган адамсыз. Эркек болуп, жоопкерчилик алып, ойлонуп, элден кечирим сурашыңыз керек",- деди УКМКнын төрагасы.

Ырсалиев ошол жерде тургандардан кечирим сурап, бардыгын өзү оңдоп берүүнү убадалады.

"Сизди биз жоопко тартышыбыз керек. Башка айла жок. Жоопко тартпасак болбойт. Мен Жамалбекти укканда келгим деле келген жок. Себеби сизди жакшы тааныйм. Бирок баары бир жоопкерчилигиңизди карап, жоопко тартышыбыз керек",- деген Ташиев аны камакка алууну буйруду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: