Күйөөсү аялын өлтүрүп, сөөгүн муздаткычта 3 ай сактаган
Орусиянын Алтай крайынын борбору Барнаул шаарында ижарага алынган батирлердин биринин муздаткычынан аялдын жансыз денесинин бөлүкчөлөрү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жабырлануучу канча убакыт мурун каза болгонун жана анын сөөгүн ким жашырууга аракет кылганын учурда тергөөчүлөр тактап жатышат. Бул арада шектүү маркумдун күйөөсү экени айтылууда.
33 жаштагы маркум Илонанын (ред.: аты өзгөртүлдү) тааныштарынын айтымында, аял Барнаулга Рубцовск шаарынан келген. Буга чейин ал баңгизат менен байланышкан кылмыштар жана мүлккө зыян келтиргендиги үчүн соттолгон. Акыркы жолу туугандары Илона менен апрель айында сүйлөшүшкөн - андан кийин ал ата-энесине вахтага кетип жатканын жазган. Анын атынан СМС билдирүүнү күйөөсү жазганы айтылат.
Илона 34 жаштагы Роландо аттуу адамга турмушка чыккан, анын дагы кылмыштуулугу бар - каракчылык, денеге залал келтирүү, айрым маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү боюнча соттолгон.
Илона вахтага кеткен делгенден бир ай өткөндөн кийин, анын күйөөсү спирт ичимдиктерин көп ичип баштаган. Ал никеден жолу болбогонун айтып, Илона менен ажырашууну чечкен. Эркек өзүн алкоголдук ичимдиктер менен эле эмес, мыйзамсыз заттар менен да сооротууга аракет кылган. Достору көп учурда Роландо жашаган ижарага алынган батирге келишчү, бирок алардын бири да ээсинин жүрүм-турумунан шектүү эч нерсе байкаган эмес - баары кадимкидей эле.
"Бул батирде анын достору болгондо маркум ал жерде жатканын түшүнгөндөн улам чачым тик турду. Балдар айткандай, кандын тактары жок, эч кандай шек жаратпады , маанайы жок жүргөндөй дагы сезилбеди. Конокко досторунукуна барып, өзүнүн үйүнө чакырып жүрө берген",- деди ал кишинин досу.
Шектүү баңгизатты дозасынан ашыкча колдонгон.
"Бир жигиттин батиринде болушкан, Роландо баңгизатты дозасынан ашыкча колдонуп каза болгон. Ал жерде болгон балдар "Тез жардам" кызматын чакырышкан, бирок дарыгерлер анын каза болгонун тастыкташкан. Полиция анын чөнтөгүнөн ачкычтарды таап, баңгизатын табуу үчүн ижарага алынган батирге барышкан. Алар маркумдун тааныштарын күбө катары да алып кетишкен. Ошондо муздаткычты ачканда аялдын калдыктарын табышкан. Сөөк апрель айынан бери ошол жерде жаткандай",- деген досторунун бири.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, кылмыш болгон жерден бычактар жана темир араа табылган, алар менен адам сөөктү араалаган.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бөлүм шектүүнүн каза болгонун тастыктады. Сөөгү батиринен табылган маркум аялдын буга чейин дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн эмес. Каргашалуу окуянын чоо-жайы такталууда.
