super.kg logo

Гренландиядагы айылга чоң айсберг жакындап, кооптуу абал жаралды

 

Гренландиянын Иннарсуит айылына чоң айсбергдин жакындашы кооптуу абалды жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, жергиликтүү бийлик айылдыктарга деңизге чыкпоону эскертти. Айсбергден бөлүнгөн чоң муз кесиндилери толкундарды жаратып, адамдарга жана үйлөргө зыян келтириши мүмкүн.

Бул абал балык уулоо иштерине да тоскоол болууда. Бийлик кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирүүдө.

"Адатта, мындай айсбергдер тез жылат. Бирок бул учурда ал жети күндөн бери ордунан козголбой, эки бөлүккө бөлүнүп турганы кооптонууну күчөтүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2018-жылы да ушуга окшош абал жаралып, айыл тургундары эвакуацияланган болчу. Азырынча айсберг кайда багыт аларын айтууга мүмкүн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: