super.kg logo

Бейонсенин концертинен кийин метро станциясында тогуз адам жаракат алды

 

Америкалык ырчы Бейонсенин концертинен кийин Атланта штатынын Вайн-Сити районундагы метро станциясында тепсендиде калып, 9 адам жаракат алды. Бул тууралуу "Atlanta News First" басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай, окуя 15-июлда болгон.

"Бейонсенин концерти бүткөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн бири кыйкырып, чуркап баштаган. Бул окуя элдин дүрбөлөңгө түшүүсүнө алып келип, эскалатордун үстүндө адамдар тепсендиде калышкан. Ошол маалда эскалатор ылдамдап, андан соң капыстан токтоп калган",- деп жазылат маалыматта.

Окуяга күбө болгондор билдиргендей, эл дүрбөп, баары чуркап кеткен. Эскалатор токтогон учурда бир нече адам жыгылып түшкөн.

Алардын ичинен сезгизи ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемелерге жеткирилген. Ал эми бир жаран жардам алуудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Бейонсе дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы болуп саналат. Ал 2023-жылы Грэмми сыйлыгынын 4 номинациясын жеңип, аталган сыйлыкка ээ болууда рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ырчы абройлуу Грэмми сыйлыгына 32 жолу ээ болгон.






16.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: