Нурлан Мотуев кайсы өлкөлөрдөн чакыруу алганын айтты (видео)
Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, бир катар өлкөлөрдөн чакыруу болгонун айтты.
"Дүйнөдөгү кыргыздар мага жазып жатышат. Мисалы Польшадан Жолдош, Италиядан Бакыт, АКШдан Урмат, Белгиядан Замирбек. Муну калпка чыгара албайсыңар. Анткени WhatsApp тиркемесинде жазышуулар бар. Менин үч балам АКШнын жараны. Кетсем ошолорго деле кетип калам",- деди ал.
Мотуев ошондой эле өзү куугунтуктоого алып жатат деп айыптаган милиция кызматкеринин үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасына арыз жазганын кошумчалады.
Буга чейин Нурлан Мотуев өлкөдөн чыгып кетерин билдирген. Ал муну милиция кызматкери тарабынан болуп жаткан куугунтуктоо менен түшүндүрүп берген.
16.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.