Кытайдан мототранспорттор мыйзамсыз алынып келинип турганы аныкталды




Кытайдан мототранспортторду мыйзамсыз алып келүүгө байланышкан масштабдуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мопеддерди, скутерлерди, мотоциклдерди өлкөгө алып келүүдө жасалма документтер колдонулуп келген. Тагыраагы, бажы төлөмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн качуу үчүн кыймылдаткычтардын көлөмү атайылап 49 куб сантиметрге чейин төмөндөтүлүп турган. Иш жүзүндө көпчүлүк транспорт каражаттарынын көлөмү 145 куб сантиметрден ашкан.
Схемада негизги ролду эксперттик уюм ойногон, анын адистери фактылык изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн, 2500 сомдон баштап акчалай сыйлыкка жалган корутунду беришкен.
"2024-жылдын августунан 2025-жылдын июлуна чейин бул уюм жалган маалыматтар менен 4388 корутунду чыгарган. Мыйзамсыз алынып келген мототранспорттук каражаттар жөнөкөйлөтүлгөн схемалар боюнча, анын ичинде интернет аркылуу Бишкекте, Чүй облусунда жана башка аймактарда сатылган",- деп айтылат маалыматта.
ИИМ бул коррупциялык схемадан мамлекеттик бюджетке 48 миллион 158 миң 300 сом зыян келтирилгенин белгиледи. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада аталган уюмдун 48 жаштагы директору, 52 жаштагы уюдун ээси жана 46 жаштагы эксперти кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.

