Чирип, сасып кеткен... Белгилүү моделдин сөөгү батирден табылды




Пакистандык белгилүү актриса, модель, сүрөтчү Хумайра Асгар Алинин сөөгү Карачи шаарындагы үйүндө табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Arab News маалымдагандай, моделдин сөөгү табылганга чейин кеминде тогуз ай бою үйдө жаткан. Батирден чыккан жагымсыз жыттан улам полиция кызматкерлери жана сот аткаруучулар кулпуланган батирге кирип анын денесин чирип калган абалда табышкан.
Полициянын маалыматы боюнча, бардык эшик-терезелер, анын ичинде балкон да ичинен бекитилип, жансыз денеде эч кандай зомбулуктун белгилери байкалган эмес.
Кызды ижарага алынган батирди бошотуусун талап кылып келген сот аткаруучулар аныкташкан. Кыздын үй-бүлөсү сөөктү алып кетүүдөн баш тартышкан.
Өлүмдүн себеби маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн эмес. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи чакан чөйрөдө өткөн.
Актриса 1992-жылы 10-октябрда Лахор шаарында төрөлгөн. Ал Улуттук искусство колледжинде жана Пенджаб университетинин Көркөм өнөр жана дизайн колледжинде сүрөт жана скульптура боюнча билим алган. Хумайра Асгар чыгармачылыгын Rafi Peer театрында студент кезинен баштаган. Кийинчерээк ал мода дүйнөсүнө киришкен. ТВга жана киного өткөнгө чейин бир нече жыл ири бренддердин модели болгон.

