Жалал-Абаддын тургуну мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн соттолду
Жалал-Абаддын тургуну чет мамлекеттик атайын кызматтын пайдасына тыңчылык жасагандыгы үчүн соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, И.С.С. аттуу жаран 2005-жылы чет элдик атайын кызмат тарабынан жалданып, узак убакыттар бою алардан акчалай сыйлыктарды алуу менен бирге, өз өлкөсүнүн коопсуздугуна зыян алып келүүчү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Ал чет элдик чалгындоо кызматынын тапшырмасына ылайык, Кыргызстандын айрым жарандарын ар кайсы шылтоолор менен өлкө аймагынан сыртка алып чыгып, андан ары ал жарандар чет өлкөлүк күч түзүмдөрү тарабынан ар түрдүү кылмыштарга байланыштуу негизсиз айыптоолорго дуушар болушкан.
Мындан сырткары тергөөнүн жүрүшүндө И.С.С. Жалал-Абад шаарындагы өзүнүн турак жайында чет элдик атайын кызматтын кызматкерлеринин жашыруун жолугушууларын уюштуруп турган. Ошондой эле чет мамлекеттик атайын кызматтардын тапшырмасы менен ал өлкөнүн жогорку даражалуу кызмат адамдарынын аймакка болгон иш сапарлары боюнча маалыматтарды (программасы, жол жүрүү каттамдары ж.б.у.с.) чогултуп, жөнөтүп турган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен И.С.С. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылды.



1 |