super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

 

5–14-июлда Дубай шаарында (БАЭ) өткөн 57-Эл аралык химиялык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO-2025) Кыргызстандын улуттук курама командасы эки коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бул абройлуу эл аралык олимпиадага дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн 360 мектеп окуучусу катышып, химия боюнча жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Жеңүүчүлөр:

  • Кахраманов Максат – коло медаль ээси («Сапат» билим берүү мекемеси)
  • Жапаров Эржан – коло медаль ээси («Сапат» билим берүү мекемеси)

Кыргызстандын улуттук командасынын курамы:

  • Кахраманов Максат («Сапат» билим берүү мекемеси)
  • Жапаров Эржан («Сапат» билим берүү мекемеси)
  • Умхаева Мадина (Токмок шаарынын №2 орто мектеби)
  • Саматов Эрмек («Сапат» билим берүү мекемеси)

Команданы коштогон адистер:

  • Чыңгыз Тилебалдиев – команда жетекчиси, Кыргыз Республикасынын химиялык олимпиадалар комитетинин төрагасы
  • Иван Решетников – экинчи жетекчи, окутуучу
  • Сарвар Хайдаров – 2009-жылдагы Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, учурда Сингапурдагы билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү
  • Тынчтык Аматов – академиялык жетекчи, Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин профессору

Команда олимпиадага чейин интенсивдүү даярдык этаптарынан өтүп, Казакстандын жана Өзбекстандын алдынкы адистери менен биргелешкен окуу-машыгуу программаларын ийгиликтүү бүтүргөн.

Эске салсак, Эл аралык химиялык олимпиада (International Chemistry Olympiad, IChO) – 1968-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан, мектеп окуучулары үчүн дүйнөдөгү эң абройлуу предметтик олимпиадалардын бири. Олимпиада жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык тапшырмаларды камтып, дүйнөлүк мыкты жаш химиктерди аныктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: