super.kg logo

Израил Сириянын Башкы штабына сокку урду (видео)

 

Израилдин армиясы Дамаск шаарындагы Сириянын Башкы штабы жайгашкан имараттар комплексине сокку жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, сокку Сириянын түштүгүндө кырдаал курчуп жаткан шартта, жергиликтүү друз жамааттары менен болгон кагылышууларга байланыштуу жасалган. Израил бул жамаатты коргоп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Израилдин аба күчтөрү Дамасктагы президенттик сарайдын айланасына да сокку жасады. Израил эки дивизияны Голан дөңсөлөрүнө жайгаштырууга даярданып жатканын жана алдыда бир нече күнгө созулган кагылышуулар болушу ыктымалдыгын билдирди.

Буга чейин Израил армиясы Сириянын Башкы штабы жайгашкан имараттын кире бериш бөлүгүнө сокку урган. Reuters агенттигинин сириялык аскер булагы маалымдагандай, кызматкерлер жер төлөгө түшүп, коопсуз жайга жашынып калган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кеминде эки адам жаракат алганын кабарлады.

13-июлда куралчан топтор Сувейда провинциясындагы бир нече друз айылдарына кол салышкан. Бул аймакты борбор калаа Дамаск менен туташтырган жол жабылган. Жергиликтүү друздар чабуул жасаган топторго каршы чыккан. Сириянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, кагылышууларда 30дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган. Курман болгондордун арасында өкмөттүн 20 аскери да болгон.

15-июлда Израил бийлиги Сувейдадагы друздарга каршы Сирия армиясынын аракеттерине жооп катары сокку урууну буйруган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Исраэль Кац сириялык өкмөттүк күчтөрдүн позицияларына жана аскердик инфраструктурасына дароо аба соккусун жасоого уруксат беришкен.

Друздар – Ливанда, Иорданияда жана Израилде да жашаган диний секта. Сирияда жарандык согушка чейин болжол менен 700 миңдей друз жашап келген, алардын басымдуу бөлүгү Сувейда провинциясында жайгашкан.






Израил Сирияга чабуул жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: