Милиция дарыгерге кол салган адамдын окуясы боюнча билдирүү таратты
Социалдык тармакта медициналык мекеменин ичинде дарыгерге кол салды делген адамдын видеосу тараган эле. Анда Улуттук госпиталдын кызматкерине кол көтөргөн адам укук коргоо органынын өкүлү экени айтылган.
Бишкек шаардык милициясы окуя Биринчи май РИИБде катталып, териштирүү иштери башталганын билдирди.
"Милиция кызматкерлери тарабынан окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Видеодо көрсөтүлгөн адамдар милиция кызматкерлери эместигин жана окуяга тиешеси жок экенин расмий түрдө тастыктайбыз",- дешти мекемеден.
Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.
Буга удаа саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев дарыгерге кол салган адамды мыйзам чегинде жоопко тартууну суранып, тийиштүү кызматтын жетекчилерине кайрылган.

