super.kg logo

УКМК Ташиев карматкан аткаминер боюнча маалымат берди

 

Кечээ, 16-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектин Пригородный айыл өкмөтүндөгү паркты көрүп чыгып, сейил бакты салууда коррупциялык иштер орун алганын айтып, Бишкек мэриясынын 4-башкармалыгынын (мурда Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти деп аталган) жетекчиси Бакыт Шеримбеков кармалган.

Атайын кызмат тактагандай, ал Пригородное айыл аймагынын башчысы болуп турганда (Биринчи май районуна административдик-аймактык бөлүнүүнүн алкагында кошулганга чейин) көмүскө киреше алуу максатында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруунун, тендердик сатып алууларды (анын ичинде жалган сатып алууларды) жүргүзүүдө жалган компанияларды тартуу менен туруктуу коррупциялык механизмдерди уюштургандыгы аныкталган.

"Алсак, 2022-жылы Пригородное айылынын сейил багынын зонасын көрктөндүрүү боюнча 2 миллион сомдон ашык суммага жасалма тендер өткөрүлүп, Ш.Б.К.нын көзөмөлүндөгү компанияга ыйгарылган. Мында көрсөтүлгөн сумма бюджеттен чыгарылып, Ш.Б.К. ыйгарган компания тарабынан паркты көрктөндүрүү боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.

2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Ш.Б.К. аталган сейил бакты көрктөндүрүү боюнча ар бири 2 миллион сомдон ашык суммадан турган үч тендердик сатып алууларды жүргүзгөн, бирок акча каражаттары Ш.Б.К. тарабынан чыгарылып, ыйгарылган", - деп билдирет УКМК.

Ошондой эле, жети тендердик сатып алуулар аныкталып, алар Шеримбековдун аффилирленген компанияларына берилип, "откат" алынган.

Белгилей кетсек, Бакыт Шеримбеков 2024-жылдын ноябрында Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысы болуп дайындалган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, кошумча фактылар жана башка тиешеси бар адамдар аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: