Кыргыз балбандары Венгриядагы рейтингдик турнирге катышат

Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер менен өтөт. Спортчулар жети салмактык (57 килограмм, 61 килограмм, 65 килограмм, 70 килограмм, 79 килограмм, 97 килограмм жана 125 килограммга чейин) категорияда күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргызстандын атынан 61 килограмм салмак чен бирдигинде Бекзат Алмаз уулу жана Тайырбек Жумашбек уулу килемге чыгарын билдирди.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Белгилей өтсөк, турнир дүйнөнүн алдыңкы балбандарын чогултуп, рейтингдик упайларды топтоого мүмкүндүк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
18:26
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.