super.kg logo

Ошто үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө батирлер берилди

 
Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык программасынын алкагында 9 кабаттуу 96 батирлүү көп кабаттуу турак үй курулуп бүтүп, салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана жаңы конуштан үй алышкан жашоочулар катышты.
Шаар мэри Токторбаев турак жайдын ээлерин куттуктап, калаа тургундарын үй менен камсыздоо мэриянын негизги багыттарынын бири экендигин билдирди.
Калаа башчысы жана шаардык кеңеш төрагасы жаңы үйдүн ачкычтарын ээлерине тапшырышты. Мында алгач Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайдын 22 бүтүрүүчүсүнө, үч эм төрөгөн үй бүлөлөргө жана турак жайы шаардагы курулуш иштери үчүн алынган үй ээлерине берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: