super.kg logo

УКМК Ысык-Көлдө мектептин курулушуна байланыштуу эки адамды кармады

 

Ысык-Көлдө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору У.С. жана курулуш фирмасынын башкы директору Х.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Ак-Суу районунун Советское айылында 150 орундуу спорт залы менен кошо мектеп курууга долбоордук наркы 59 миллион сом болгон тендер жарыяланган. Аны уткан курулуш компаниясы келишимдин шарттарына ылайык 2023-жылдын ноябрь айына чейин курулуш иштерин бүтүрүүгө милдеттенген.

Бирок курулуш иштери бүткөн эмес. Аталган компания 48 миллион сом алып, анын 35,2 миллион сомун сарптаган. Атайын кызмат ошол кезде У.С. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Х.А. менен жең ичинен сүйлөшүп, подрядчы компаниянын пайдасына 12,8 миллион сомдон ашык сумманы мыйзамсыз которгонун белгиледи.

Кармалгандар тергөө абагына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: