super.kg logo

Ташиев Туңгучтан карматкан Ырсалиев боюнча маалымат берилди

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Атайын кызмат ал тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганын белгиледи. Тагыраагы, Туңгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Объектер болжол менен 1 500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тилкесине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксатысыз жайгаштырырлган.

УКМК факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ырсалиев 2020-жылдан тартып жеке баюуну көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, коммерциялык объекттерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөнү аныкталганын маалымдады. Буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрү түшпөй, олуттуу зыян келтирилген.

Бул өз кезегинде Туңгуч кичи районунун жашоочуларынын арасында нааразылыкты жараткан. Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясы тарабынан сейил багын жана балдар ойноочу аянтчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылган. Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан объекттер алынып, балдар аянтчасынын курулушу башталды.

Текшерүүдө төлөнбөгөн ижара акы 2 миллион 979 миң 889 сом экени такталган. Атайын кызмат бул иш боюнча вице-мэр менен бирге В.Н. аттуу жарандагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, кечээ, 16-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин Туңгуч кичи районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, тургундар тарабынан айтылган нааразычылтардан улам Ырсалиевди жеринен карматкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: