Тургун Токтогулдун мэрине нааразы болду



Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Токтогул шаарынын тургуну кайрылды. Ал Даңканай көчөсүндөгү дарактар иретке келтирилбей турганын айтып, балдар ойной турган аятча жоктугуна нааразы болду.
"Даңканай көчөсүнүн жол жээгиндеги дарактар эч эле кыркылган жок. Жолдордун абалы начар. Балдар ойной турган аянтча жок. Баарын жер тамда жашагандар тосуп алган.
Ушул маселелерди шаар мэри карап, чечип берсе болмок",- дейт тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.




