Театралдык көрүнүш... Ошто Орусиядан окуган жаш актёрлорго убадаланган батирлер берилди (видео)
Ош шаарында мэриянын ипотекалык программасынын алкагында курулган 96 батирлүү көп кабаттуу турак жай пайдаланууга берилди.
Аталган турак жайдан Орусиянын Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн 22 жаш актёрго май айында убадаланган батирлери тапшырылды.
Иш-чарада Ошто актёрлорго үй берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканы айтылды. Анын алкагында Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайды бүтүргөн жаш актёрлордун аткаруусунда "50 жыл мурун болгон окуя" театралдык сахналык көрүнүшү тартууланды.
17.97.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.