Зеленский: "Трамп АКШ Украинадан дрондорду сатып алууга кызыкдар экенин айтты"
АКШнын президенти Дональд Трамп украиналык учкучсуз учактарга кызыгуусун билдирди. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык Newsmax телеканалына берген маегинде айтты.
"Мен ага сизден бир гана сизде болгон нерселерди сатып алгым келет деп айттым. Ал мага Америка Украинада жасалган учкучсуз учактарды сатып алууну каалап жатканын билдирди. Мен бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык деп ойлойм. Мен Американын асманыбызды коргоого жардам беришин абдан каалайм. Бул абдан маанилүү",- деген ал Трамп менен болгон телефондук сүйлөшүүсү тууралуу айтып жатып.
Белгилей кетсек, согуш башталгандан бери Украина фронтто учкучсуз учактарды жигердүү колдонуп гана тим болбостон, өзүнүн дрон өнөр жайын курууга да жетишти. 2025-жылга карата өлкөдө 200дөн ашык компания учкучсуз учактарды иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенет.

