Сирияда друздар Израилдин желегин көтөрүштү (видео)
Интернет желесинде Сириянын Сувейда провинциясында друздар Израилдин желегин өз үйлөрүндө көтөрүшкөнү айтылган видео тароодо.
Учурда Сириянын бул аймагында куралдуу топтор менен друздардын өзүн-өзү коргоо отряддарынын ортосундагы кагылышуулар уланууда.
Буга чейин Израилдин коргоо министри Кац Дамаскты провинциядан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана кармалган друздарды бошотууга чакырган. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, ал өкмөттүк объекттерге сокку урууларды күчөтүүнү убада кылды.
Эске салсак, 13-июлда Сувейда провинциясындагы бир катар друз конуштарына куралдуу топтор кол салганы, анын натыйжасында провинцияны Дамаск менен байланыштырган унаа жол да жабылып калганы белгилүү болгон. Граждандык калкты коргоо үчүн друздардын өзүн-өзү коргоо отряддары куралдуу топтор менен согушка киришкен. Эки тараптан тең каза болгондор, жарадар болгондор жана туткундар бар.
17.07.25.

