Португалияда жаш футболчу сууга агып каза болду



Португалиянын Лиссабон шаарында океандагы толкун жаш футболчу Жорже Сарайваны агызып кетип, спортчу каза болду. Бул тууралуу Record гезити жазды.
Кырсык 15-июлда Каркавелостогу пляжда болгон. Сарайва үч досу менен пляжда жүргөн. Төртөө тең катуу толкундун астында калып, океанга кирип кеткен. Куткаруучулар үч өспүрүмдү суудан чыгара алышкан, бирок футболчунун жансыз денеси табылган.
Сарайва "Деспертар" клубунда ойногон.
"Despertar футбол клубу Хорхе Сарайванын үй-бүлөсүнө, терең кайгыруу менен көңүл айтат. "Биздин клубдун намысын сыймыктануу менен коргогон Хорхенин элесин түбөлүккө сактайбыз",- деп айтылат клубдун расмий билдирүүсүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:37
2025-07-17
17:00
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.