Эл аралык террористтик уюмдун жактоочусу кармалды (видео)







"Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун жактоочусу делген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин 22 жаштагы тургуну алгач интернет желесинде радикалдуу диний дааватчылардын ("Саид Бурятский", "Абу Умар Саситлинский", "Абдуллах Костецкий") таасири астында радикалдык-жихадисттик идеологияга аралаша баштаган.
Кийин ал өлкөдө тыюу салынган "Ирак жана Левант Ислам мамлекети" террордук уюмунун идеологиясын колдой баштаган. Шектүү аталган уюшманын катарына кошулуу үчүн Сирияга баруу ниетин билдирип, ал үчүн уюмга берилгендиги тууралуу ант берип, бир нече видео кайрылууларды даярдаган.
Кармалган адам фейк аккаунттарды колдонуп, социалдык тармактарда аталган уюмдун идеологиясын үгүттөгөн материалдарды, ошондой эле терроризмди эл алдында актаган жана террористтик ишмердүүлүккө чакырыктарды камтыган видеотасмаларды системдүү түрдө тараткан.
УКМК ал камакка алынганын кошумчалады.
УКМК
