Дарыгердин сабалышы: Тараптар арыз жазуудан баш тартышты
Улуттук госпиталда болгон окуя боюнча медицина кызматкери менен бейтап арыз жазуудан баш тартышты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май РИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июлда аталган факт боюнча милицияга маалымат түшөрү менен айтылган дарекке укук коргоо кызматкерлери барышкан. Алар окуянын катышуучуларынын өздүктөрүн такташкан. Бирок окуянын катышуучулары чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин билдиришип, бири-бирине дооматтары жок экендигин айтышкан.
Буга чейин Социалдык тармактарда медициналык мекеменин ичинде дарыгерге кол салды делген адамдын видеосу тараган эле. Анда дарыгерди урган киши укук коргоо органынын адамы экени айтылган. Бирок бул маалыматты Бишкек шаардык милициясы төгүндөп, окуяга милиция кызматкери катышпаганын билдирген жана факт боюнча Биринчи май РИИБи текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган.
Буга удаа саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев дарыгерге кол салган адамды мыйзам чегинде жоопко тартууну суранып, тийиштүү кызматтын жетекчилерине кайрылган.
