super.kg logo

Белгияда электрондук музыка фестивалы өтүүчү чоң сахна күйүп кетти (видео)

 

Белгиянын Бом шаарында Tomorrowland фестивалынын негизги сахнасы күйүп кетти. Электрондук музыка фестивалынын ачылышы эртең, 18-июлда болмок.

Чет элдик маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, иш-чарага 100 миңге жакын конок келери күтүлүп жаткан. Өрт чыккан учурда фестивалдын ачылышын даярдап жаткан адистер болгон. Алардын эч бири жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерден тартылган видеодо өрт жалыны толугу менен жасалгаланган сахнаны каптап жатканын, жакын жерде "Тез жардам" унаалары токтоп турганын көрүүгө болот. Учурда тилсиз жоонун келип чыгышынын себептери тактала элек.

Айта кетсек, Tomorrowland 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет жана дүйнөдөгү эң белгилүү электрондук музыка фестивалдарынын бири.






17.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: