super.kg logo

Ысык-Көлдө эс алуучулар, куткаруучулар, күзөтчүлөр катышкан мушташка жооптуулар жазаланды

 

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан "Пальм Бич" эс алуу жайынын көл жээгинде болгон мушташтан соң кармалгандар камакка алынды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлүп, кечээ, 16-июлда шектүүлөр Ысык-Көл РИИБинин убактылуу административдик камерасына киргизилген.

Эске салсак, аталган окуя 13-июлда болгон. Анда пирс аймагында жүргөн эс алуучуларга куткаруучу коомдук тартипти сактоо максатында эскертүү берген. Бирок эс алуучулардын бири куткаруучуну ур-тепкиге алган. Натыйжада окуяга эс алуучулар, куткаруучулар жана эс алуу жайынын күзөтчүлөрү аралашкан.

Облустук милиция мушташка катышкан деген шек менен Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну, Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы эки жана 29 жаштагы бир тургуну, 26 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу жана 26 жаштагы Сузак районунун тургундары кармалышып, Ысык-Көл РИИБине жеткирилишкенин кабарлаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: