"Тазалоочумун, шаарды бузулган аялдардан тазалайм". 87 кылмыш жасаган коркунучтуу маньяк



Иркутск облусу боюнча улук тергөөчү Евгений Рожин Орусияда өлүм жазасы карала турган болсо 87 жолу кылмыш жасаган маньяк Михаил Попков өлүм жазасына тартылышы мүмкүндүгүн айтты.
Ал буга чейин эки жолу өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок ал дагы деле жакшы жашоого ишенет жана атайын аскердик операцияга баргысы келерин айтат.
Попков 61 жашка чыкканына карабастан физикалык формасы жакшы. Ал колониянын шартында көнүгүүлөрдү жасап жүрөт. Мындан тышкары маньяк китеп көп окуп, күнүмкү жаңылыктарды дагы калтырбайт. Ал жакшы окуган жана баарлашкан адамдай таасир калтырат.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын жайында тергөө маньяктын дагы бир ишин сотко өткөргөн. Бул 2011-жылы эшик шыпыргыч аялдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу. Попков кылмышты Ангарск шаарынын паркында велосипед тээп бара жатканда жасаган. Ал жолдон кокусунан жолугуп калган аял менен уруша кеткен. Сурак учурунда маньяк аял анын суроосуна орой жооп бергендиги үчүн аны өлтүргөнүн айткан. Бул аял маньяктын 87-далилденген курмандыгы болуп саналат.
Попков эркектерге тийбейт, аялдарды зордуктап өлтүрөт. Анын дайыма бир схемасы бар. Полициянын формасын кийип көчөдө, ресторан-кафелердин жанында, аялдамаларда кыздарды аңдып, анан алар менен таанышып, жеткизүүнү сунуш кылат. Алар макул болгондон кийин токойго алып барып өлтүрөт. Попков өзүн маньяк деп эсептебейт. Ал "мен тазалоочумун, шаарды бузулган аялдардан тазалайм" деп айткан.
Михаил Попковдун үй-бүлөлүк жашоосун сүрөттөгөн тергөөчүлөр бул криминологиялык стандарттарга толук дал келгенин белгилешти. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири да аны мындай коркунучтуу кылмышкер деп ойлогон эмес.
Михаил эрте үйлөнгөн. Аялынын аты Елена. Кийин түгөйлөр Екатерина аттуу кыздуу болушкан. Ал атасынын сүйүктүүсүнө айланган. Елена эстегендей, анын күйөөсү кызына көп убакыт арнаган. Кызы институтта окуп жүргөндө да атасы аны дайыма кечелерден тосуп алып, мектепте окуганда да алып кетип чоңойткон.
Кошуналар үй-бүлө тууралуу жакшы сөздөрдү гана айтышкан. Үйдө эч качан уруш-талаш, чыр-чатак, туура эмес жүрүм-турумдун белгилери болгон эмес. Сакталып калган бардык сүрөттөрдө жубайлар бактылуу жылмайып, бири-бирин кучактап турушат. Ичкилик иччү эмес, өзүн дайыма өтө сылык алып жүрчү. Бул үй-бүлөнүн жашоосундагы бир күн Ангарск маньяк өмүр баянында чечүүчү учур болуп калган. Күндөрдүн биринде Михаил Попков жумуштан кайтып келе жатып суукка карабай көчөдөн жеңил свитер кийген беш жашар кызы Екатеринаны көрүп калат. Эмне үчүн мындай убакта басып жүргөнүн сураганда, кыз үйдө бейтааныш киши болгондуктан апасы аны көчөгө чыгарып жибергенин айткан. Кадимки нормалар боюнча бул окуя алардын никесин бузушу керек болчу. Бирок күйөөсү аялын көзгө чөп салдың деп айыптаган эмес. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн аялын кечирген. Бирок, кийин белгилүү болгондой, аялдарды жек көрө баштаган.
Каза болгондордун арасында бир гана эркек киши бар. Ал полициянын капитаны Евгений Шкурихин. 1999-жылы Попков мас абалындагы милиционерди жеткизип коюуну чечкен. Жолдо алар мушташа кетишкен, андан кийин маньяк аны токойго алып барып, бычактап салган.
Михаил Попков киши өлтүрүүнү 1992-жылы жасай баштаган. Иркутск облусунун токойлорунда өлтүрүлгөн кыздар такай табылып, ар бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок аларды бир процесске бириктирүү аракети жасалган эмес. Полиция бардык кылмыштардын стилин же окшоштугун аныктаган эмес. Попков окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобунун курамында барган. Ал ошол учурларда тергөөчү болуп иштеген. Анын кесиптештери окуя болгон жерлерди карашып, маньяктан эч кандай изи калбагандыктан шектүүнү аныктоо кыйынга турган . Анын өлтүргөн аялдарынын жашы 16 жаштан 50 жашка чейин болгон.
90-жылдардын аягында ыкчам топ түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп, бирок эч кандай жыйынтыкка жетише алышкан эмес. 2000-жылдары Ангарск шаарынын дээрлик бардык тургундары менен текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган. Ошентип 2012-жылы курман болгон үч адамдын денесинен табылган урук Попковдукуна дал келген. Ошентип 10догон кылмыштардын жүзү ачылган. Жалпысынан 87 кылмыш деп саналган.

