Уктап калган... Япониянын ханбийкеси тартылган видео көпчүлүктү суктандырды (видео)
30 жаштагы Япониянын ханбийкеси Како расмий иш сапары менен Бразилияга бара жатканда эконом-класстан байкалган.
Ал самолёттун терезесинин жанында уктап жаткан видеосу интернет желесине тарап, социалдык тармактардын колдонуучуларынын жакшы пикирлерин жаратты.
Како Япония менен Бразилиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 130 жылдыгына арналган 11 күндүк иш сапарынын алкагында бир күндө төрт жерге барган.
Интернет колдонуучулар анын жөнөкөйлүгүнө суктанышып, ханбийкени "эмгекчил жана момун", ошондой эле "Япониянын үмүтү" деп атап жатышат.
Анын эжеси ханбийке Мако королдук кызматтан кеткенден кийин Како императордук үй-бүлөнүн өкүлү катары чет өлкөлөргө барат. Ал Улуу Британияда аткаруу искусствосу жана психологиясы боюнча билим алган жана мурдагы фигурист.
Ханбийке
